Кыргызстанда жеке ишкерликти кайра каттоо толугу менен онлайн-форматка өтөт

Жагымдуу бизнес-климат түзүү үчүн ишкерлерди кайра каттоо процесси жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеке ишкерлер юридикалык дарегин, салык режимин, реквизиттерин же ишкерликтин түрлөрүн өзгөрткөндө бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болуп жатканын айткан.

"Бизнес өкүлдөрү салык органдарына бир нече жолу барууга, бир нече сааттык кезекке турууга, кагаз документтерди чогултууга аргасыз болууда. Ага кеткен убакытты алар ишкерлигин өнүктүрүүгө жумшашы керек", — деген Касымалиев.

Мындан улам бардык жумушту "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу онлайн бүтүрүүгө шарт түзүүнү буюрду. Ал ишке ашса салык органына барбай эле кайра каттоо үчүн арыз толтуруп, керектүү документтерди тиркеп, бардык жумушту аралыктан бүтүрүүгө болот.

Аталган демилге "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында ишке ашып, үч ай ичинде даяр болору кошумчаланды.

 

14:36, 02-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар