Акыйкатчы институту УКМКдагы кыйноолор тууралуу маалыматтарды тактап жатканын билдирди

Акыйкатчы институту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылган жарандардын президентке кайрылуулары боюнча териштирип, тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Омбудсмендин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун тургундары менен жолугушуусунда айтылган кыйноо боюнча эки кайрылууну тактоо жана жабырлануучулардын укугун коргоо боюнча акыйкатчынын облустагы өкүлү тарабынан тийиштүү иштер жүргүзүлө баштады.

"Акыйкатчынын облустагы өкүлү Чаткал районунун Жаңы-Базар айылынын тургуну, маркум Касымалы Оморовдун туугандары жана Курулуш айылынын тургуну Э.С менен байланышты. Касымалы Оморовдун кызынын кайрылуусу боюнча Жалал-Абад горнизонунун аскер прокуратурасы тергөөгө чейин териштирүү иштерин баштады. Ал эми экинчи факты боюнча тийиштүү органдарга суроо-талап жөнөтүлөт", - деп жазылган маалыматта.

Акыйкатчы институту ошондой эле жакында жазасын өтөп бүтүп, эркиндикке чыккан ырчы Аскат Жетигендин УКМКда кыйноого алынганы тууралуу журналисттерге билдирүүсү боюнча да маалымат берди. Анда Омбудсмендин кызматкерлери Аскат Жетиген кармалган күндөн тарта эле ага барып, кармоо шарттары жана укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүп келгени, андан сырткары ишинин сотто каралышына дагы мониторинг жүргүзүлгөнү айтылган.

"Аскат Жетиген 2024-жылдын май айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганы боюнча да акыйкатчыга кайрылган. Аскат Жетиген тарабынан айтылган маалыматтар боюнча Башкы прокуратурага кат жөнөтүлгөн. Бирок, Башкы прокуратура Аскат Жетиген тарабынан айтылган маалыматтар таксыкталбаганын билдирген жооп жөнөткөн. Аскат Жетиген жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мезгилде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын № 27 мекемесинин кызматкерине жана ден соолугуна байланыштуу кайрылуулар келип түшкөн. Алардын ар бирине реакция жасалып, арыздануучунун укугун коргоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Топтолгон маалыматтар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын тогуз айында Акыйкатчы институтунун алдындагы Кыйноолорду алдын алуу жана укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү башкармалыгына жалпы 439 кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен 81 кайрылуу эркиндиги чектелген жайларда жарандарды кармоо шарттарына, 44ү кыйноо фактыларына байланыштуу болгон.

2025-жылы Омбудсменге кыйноо тууралуу 56 арыз түшсө, анын ичинен бир факты боюнча гана кылмыш иши козголгон.

07:35, 27-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар