“Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасынын аталышы “Ала-Тоо Резорт” болуп өзгөрдү

“Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасынын аталышы“Ала-Тоо Резорт” болуп өзгөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, “Ала-Тоо Резорт” ишканасын президенттин Иш башкармалыгы белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрөт. Ошондой эле чечимдерди токтомго ылайык келтирет.

Мындан ары “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы бардык укуктар жана милдеттенмелер боюнча “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.

 

10:02, 12-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар