Тоң райондук милициясынын башчысынын орун басары үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталууда 

 

Тоң райондук милициясынын башчысынын орун басары үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталууда 

Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басарынын жубайы аны үй-бүлөлүк зомбулукка айыптады.

Боконбаев айылынын тургуну жалпыга маалымдоо каражаттарына күйөөсү өзүнүн интимдик мүнөздөгү сүрөттөрүн кесиптештерине жөнөткөнүн айтып берген. Аял сүрөттөрдү көрүп, бул тууралуу күйөөсүнөн сураганда, аны сабаганы айтылууда.

Ысык-Көл милиуиясынын маалыматы боюнча, аял 10-августта зомбулук фактысы боюнча арыз менен кайрылган. Соттук-медициналык экспертиза анын денесинен анча оор эмес жаракаттар аныкталганын көрсөткөн.

Райондук милиция башчысынын орун басары окуяны четке кагууда. Комиссиялык соттук экспертизанын жыйынтыгы даяр болбогондуктан, кылмыш иши козголгон эмес. Бирок, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, милиция кызматкерине (У.К.) кызматтык милдеттерин толук аткарбагандыгы үчүн расмий эскертүү берилген. Соттук экспертизанын жыйынтыгы алынгандан кийин кырдаалга укуктук баа берилет.

Арча медиа
13:44, 08-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар