Ооганстанда кыздар 9 жаштан кийин турмушка бериле баштайт
Ооганстан кыздардын турмушка чыгуу курагын тогуз жашка чейин төмөндөттү, деп жазды “The Times”. Гезит «Жубайларды сот аркылуу ажыраштыруу кодексине» таянат. Бул токтом «Талибан» ислам кыймылынын лидери Хайбатулла Ахундзаданын жактыруусунан кийин күчүнө кирди.
Басылманын маалыматына караганда, документте кыздардын никеге туруу курагын жаңыча чечмелеген жобо камтылган: эми ал жыныстык жетилүү мезгили менен байланыштырылат. Гезит белгилегендей, кыздарда пубертаттык курак сегиз жаштан башталышы мүмкүн. Ал эми шариятка ылайык, никеге туруунун минималдуу курагы — тогуз жаш.
Буга чейин никеге туруу үчүн мыйзамдуу курак кыздар үчүн 16, ал эми уландар үчүн 18 жаш деп эсептелчү. 16 жашка чейинки кыздар атасынын, чоң атасынын же соттун уруксаты менен турмушка чыга алышчу. ЮНИСЕФтин баамында, 15 жаштан 49 жашка чейинки ооган аялдарынын 28%ы 18 жашка чейин турмушка чыккан.