Нурлан Конокбаев мамлекеттик цирктин директору болуп дайындалды

 

Нурлан Конокбаев мамлекеттик цирктин директору болуп дайындалды

Нурлан Конокбаев А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 13-октябрда, мамлекет башчысы Садыр Жапаров жаңы директор менен жолугушту.

Буга чейин Асланайым Аширова мамлекеттик цирктин директору кызматын 2024-жылдын октябрь айынан бери аркалаган. Цирктин коллективи анын дайындалышына байланыштуу нааразычылык билдирип келгени да маалым.

Арча медиа
09:49, 14-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар