Оштогу заводдо кытайлык жумушчу каза тапты
Оштогу заводдо кытайлык жумушчу каза тапты
Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жайгашкан кирпич заводунда Кытай жараны каза тапты. Маалыматты Ош облустук милициясы тастыктады.
Белгилүү болгондой, 47 жаштагы кытайлык заводдо технолог болуп эмгектенип келген. 26-июль күнү ал кокустан иштеп жаткан станоктун ичине түшүп кеткен.
Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.