Маркум Рысбек Акматбаевдин жансакчысы Литвадан кармалды
Ички иштер министрлиги Кыргызстанда адам өлтүрүүгө айыпталып, 2007-жылдан бери Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн адам (Ю.Ю.) Литвадан кармалганын билдирди.
Министрлик тараткан маалыматка ылайык, 46 жаштагы шектүү криминалдык чөйрөдө “Детина” деген каймана аты менен белгилүү. Ал 2007-жылы Бишкекте автоунаа жуучу жайдын ээсин атып өлтүрүп, изин жашырып кеткен. Андан тышкары, Казакстандын Алматы шаарында да адам өлтүрүүгө шек саналып, бул өлкөнүн укук коргоо органдары издөө жарыялаган.
Ю.Ю. Ички иштер министрлигинин (ИМ) ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Ушул тапты аны Кыргызстанга алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу иши жүрүп жатат.
ИИМ тараткан инициал Юсуп Юсуповдун аты-жөнүнө туура келет. “Детина” деген каймана аты менен белгилүү Юсуп Юсупов Рысбек Акматбаевдин жансакчысы болчу. Ал 2005-жылы ошол кездеги премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылган митингде Рысбек Акматбаевдин жанында жүргөн.