ЖКга Нурланбек Тургунбек уулу менен Кундузбек Сулаймановдун ордуна кимдер келди

Жогорку Кеңешке эки жаңы депутат келгенин БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, БШК Райимберди Дуйшенбиевге №14, Жайлообай Нышановге №15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттарынын мандаттарын берген. Алар эл өкүлү катары катталып, ырастама жана төш белгиге ээ болушкан.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырган. Анда ал эч бир саясий интригаларга, айрыкча 75 ардагердин кайрылуусуна да, кол топтоосуна да такыр аралашпаганын кошумчалаган.

Ошондой эле Кундузбек Сулайманов да өз каалосу менен мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырганын айткан. Ага чейин социалдык тармакка анын менен энергетика министринин мурдагы орун басары Курсантбек Өмүрбековдун телефон сүйлөшүүсү делген видео тараган. Анда депутат тааныштарын жумушка коюп, кадр маселесине аралашып жатканын угууга болот.

13:02, 24-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар