Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев 90 жашында дүйнө салды

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Өскөн Даникеев 14-августта 90 жашында көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Өскөн Даникеев 1934-жылы 21-декабрда Сокулук районунун Чоң-Жар айылында туулган. 1948–1951-жылдары борбордогу №5 кыргыз орто мектеп-интернатында тарбияланып, 1951-жылы Москвадагы тоо-кен институтуна кабыл алынган.

1970-жылы Билим берүү тармагында биринчилерден болуп кыргыз тилинде “Сызма геометрия” окуу китебин жазган.

1977-жылы Москвадагы СССР Жазуучулар союзуна караштуу Максим Горький атындагы адабият институтунун Жогорку адабий курсун аяктаган. 1984-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп шайланган.

Өскөн Даникеевдин “Бакир” баяны 1961-жылы жарыяланган. Кийин “Кыздын сыры” аттуу повести жарык көрүп, орус, француз жана башка тилдерге которулуп, көркөм фильм тартылган.

Автордун “Көкөй кести” романы үчүн 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Жазуучу Достоевский, Лесков, Анкилов, Азиз Несин, Вампиловдун чыгармаларын которуп, алардын драмалык чыгармалары облустук, республикалык театрларда коюлган.

 

15:03, 14-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар