Базарда бар, мектепте жок китептер... Агартуу министрлиги күч органдарына кайрылды
Мектептерде окуу китептери таңсык болуп жаткан маалда мамлекеттик басмаканадан чыккан китептер базарларда эркин сатылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Эл өкүлү ата-энелерден мектептерде китеп жетишпей жатканы тууралуу көптөгөн даттануулар түшүп жатканын белгилеп, өзү "Дордой" базарынан 3-класстын жаңы басылып чыккан "Математика" китебин 650 сомго сатып алганын кабарлады.
Анын айтымында, китепте “сатууга тыюу салынат” деген жазуу болгонуна карабастан, базардагы текчелерде үйүлүп турат.
“Мектептерде окуу китептери жок, эски китептер берилип жатат. Ал эми бүт жаңы окуу китептери базарда жүрөт. Мына, бул мамлекеттик “Учкун” типографиясы басып чыгарган 3-класстын "Математика" китеби. Мен муну бүгүн “Дордойдон” сатып алдым. Бирок китепте “сатууга тыюу салынат” деп так жазылып турат. Биз бюджеттен 600 миллион сомду кайда бөлүп жатабыз? Базаргабы? Бул — таза коррупция!” — деди Бекешев.
Ал эми Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептеринин базарларда, дүкөндөрдө жана интернетте сатылып жатканын тастыктады.
Ушуга байланыштуу министрлик Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМге кайрылып, чара көрүүнү өтүндү.
Ал эми менчик мектептер окуу китептерин “Учкун” басмаканасы менен келишим түзүү менен гана сатып ала алары белгиленген.