75 адамдын кайрылуусу: Талгарбеков, Узакбаев жана Дыйканбаев кармалды
Ички иштер министрлиги (ИИМ) коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмил Узакбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалганын билдирди.
Министрликтин 11-февралдагы маалыматында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу 75 адамдын аты-жөнү жазылган кайрылуусу өлкөдө коомдук саясий кырдаалды курчутканы белгиленген.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. ИИМ кайрылууда аты аталган 75 адам алынып келип, тергөө амалдары жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
“Бул кылмыш ишинин демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары аныкталган 1955-жылы туулган Т.Б. жана У.Э., 1960-жылы туулган Д.К. аттуу жарандар Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, - деп билдирди ИИМ.
Кармалгандардын жашаган даректеринде тинтүү жүргүзүлдү.
Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болушканын айтып чыгышкан.