УКМК: "Ысык-Ата" санаторийинде коррупциялык схема аныкталды
"Ысык-Ата" санаторийинин айрым кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мекеменин кызыкчылыктарына каршы аракеттерди жасаганы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, калкка көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн каражаттарды уурдап турушкан.
Тактап айтканда, санаторий кызматкерлери кардарлардын төлөм тартиби тууралуу маалыматы жоктугунан пайдаланып, акча каражаттарын накталай алышкан. Ошол эле учурда, төлөм терминалдары аркылуу жөнгө салынган төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес жана бейтаптар жөнүндө маалыматтар эсепке алуу журналдарына киргизилген эмес.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында "Ысык-Ата" санаторийинин кызматкерлери С.Э.С., Э.А.А., А.Г.О. жана А.у.О. күнөөсүн мойнуна алышты. Алар мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттеништи.