Өзгөндө аялын сабаганга шектелген жаран кармалды

 

Өзгөндө аялын сабаганга шектелген жаран кармалды

Өзгөн районунда аялын сабап, денесине жаракат келтирген деген шек менен 1978-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран милицияга жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Ош облустук милициясы билдирди.

Маалымдалгандай, 17-августта 1989-жылы туулган Н.Г. денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага кайрылган. 

Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Алдын ала маалымат боюнча, аял жолдошу тарабынан зомбулукка кабылган. Учурда жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын бардык жагдайлары такталууда.

Арча медиа
09:09, 27-08-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар