Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырды
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырганын кабарлады.
Ал ден соолугу начар болгондуктан дары-дармек менен жүргөнүн белгилеген.
“Ачыгын айтсам, акыркы мезгилдерде ден соолугум жакшы болбой дары-дармек менен жүрдүм. Муну мени жакындан билгендер жана чогуу иштешкендердин баары эле билишет. Ошондуктан мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгымды карап, жеке жумуштарым менен алек болуу максатында депутаттык мандатты тапшырууну чечтим. Мага чоң ишеним менен добуш берген шайлоочуларыма ыраазычылык билдирүү менен мөөнөтүмөн эрте депутаттыктан кетип жатканым үчүн кечирим сурайм”, — деди ал.
Тургунбек уулу эч бир интригаларга, айрыкча, 75 ардагердин кайрылуусуна да, кол топтоосуна да такыр аралашпаганын кошумчалаган.