Садыр Жапаров кызматын тапшырбай эле, шайлоого катыша алат
Садыр Жапаров кызматын тапшырбай эле, шайлоого катыша алат
Президенттик шайлоо маалында мамлекет башчы Садыр Жапаров кызматта туруп талапкер катары ат салышуусуна мыйзам жол берет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Шайназаров мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты менен президент саясий өнөктүк учурунда кызматын тапшырууга милдеттүү эмес экенин билдирди.
Боршайком төрагасы шайлоо ачык атаандаштыкта өтө турганын, административдик ресурс колдонууга жол берилбей турганын жана БШКга бийлик тараптан эч кандай басым жок экенин айтты.
31-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналист Али Токтакуновго курган маегинде президент Садыр Жапаров 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуп катталгандан кийин саясий иш-чара учурунда кызматын убактылуу тапшырбай турганын билдирген. Ал жаңы шайлоо мыйзамы жол бере турганын, анда президенттин милдетин аткаруучу деген түшүнүк жок экенин тактаган.