Шектүүнү кармоо учурунда сабаган милиция кызматкерлерине иш козголду

Шектүүнү кармоо учурунда сабаган милиция кызматкерлерине иш козголду

Кармоо учурунда жаш жигитти сабаган деп шектелген милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

26 жаштагы жабырлануучу Ички иликтөө кызматына арыз менен кайрылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу белгилери аныкталган. 

Натыйжада Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери тергөө абагына киргизилди. 

Милиция шектүүнүн алдамчылык иши боюнча кармалганын тактады.

12:37, 17-04-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар