Чыңгыз Ажибаев төраганын орун басары кызматынан кетти

Депутат Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди.

Төрага депутат Ажибаевди Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынан бери биле турганын жана ал өз ишин так аткарып келгенин белгиледи.

"Төрага болуп шайлангандан кийин аны менен кыска убакыт иштештим, ал өзүн кесипкөй катары көрсөтө алды", — деди Маматалиев.

14:31, 26-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар