Японияда акыркы 50 жылдагы эң ири өрт: 170 имарат күйүп кеткен

 Япониянын түштүк жээк тарабындагы шаарда болгон ири өрттөн 170тен ашык имарат жабыркап, бир адам каза болду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкөдө акыркы жарым кылым ичиндеги эң ири өрттү өчүрүү үчүн аскердик жана өрт өчүрүүчү тик учактар шашылыш тартылган.

Абадан тартылган видеокадрларда Оита шаарынын адырлуу Саганосеки районундагы имараттар толугу менен күйүп кетип, коюу түтүн көтөрүлүп жатканы көрсөтүлгөн.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, өрт жакынкы токойдон жана жээктен 1 чакырымдай алыстыкта жайгашкан адам жашабаган аралга чейин жеткен. Бул шамалдын кесепети болушу мүмкүн.

Өрт күн мурун кечинде башталып, 48 миң 900 чарчы метр аянтты камтыган. Япониянын Өрт жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги Токиодон 770 чакырым түштүк-батышта жайгашкан бул аймактан 175 адам эвакуацияланганын билдирген.

Өрттүн келип чыгуу себеби учурда иликтенип жатат. Полициянын маалыматына караганда, бир киши каза болуп, 50 жаштагы аял жеңил күйүк менен ооруканага жаткырылган.

09:45, 20-11-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар