Үч альпинисттин сөөгү Корумдуудан табылды
16-августта Корумдуу аймагында дайынсыз болуп жаткан үч альпинисти издөө иштери улантылган.
Издөөчүлөр дрон аркылуу тартылган видеолорду карап жатып, кар жана таш көчкү түшкөн аймактан адамдардын сөөгүн байкашкан. Буга чейин ошол эле жерден дайынсыз болгон альпинисттерге таандык буюмдар табылган.
Издөө иштеринин катышуучусу Александр Смирновдун айтымында, табылган адамдар аркан менен байланышып, бир байламтада жүрүшкөн болушу мүмкүн.
Альпинисттердин өздүгү сөөктөр түшүрүлүп алынгандан кийин гана так аныкталат. Аймакта аба ырайынын начарлашына байланыштуу куткаруу иштерин жүргүзүүдө коопсуздук чаралары эске алынууда.