Бишкек: кармалган улан 61 жерге каткан баңгизатты жыйнап берди

Борбор калаада 19 жаштагы баланын жанынан беш таңгакча спайс табышкандан кийин ал башкаларын каткан дагы 61 жерди көрсөтүп берди. Бул туурасында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшкөн кызматтан билдиришти.

Баңгизат табылган Б.Э.Э. аттуу улан студент экендигин айтышты. Ал жогоруда саналган жерге да спайстарды коюп чыккан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") негизинде иш козголгон.

Буга чейин ИИМдин бул атайын кызматтын адистери менен өкүлдөрү ЖОЖго барып, баңгизатка аралашуунун кесепети туурасында лекция өткөн. Бирок ал маалымдоого студент кулак каккан эмес.

 

18:58, 13-05-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар