Президент мас айдоочуларга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров мас болуп автоунаа айдагандарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 15-апрелде кабыл алган.
Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык төмөнкүдөй жаза каралган.
Жол кырсыгы адамдын ден соолугуна жеңил жаракат келтирүү менен коштолсо, алкоголдук ичимдик ичкен айдоочунун күбөлүгү үч жылга алынат, өзүнө 80-100 миң сом айып пул салынат.
Эгер оор жаракат келтирсе 100-200 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынат же айдоочулук укугун 3-6 жылга токтотуу менен беш жылга чейин эркинен ажыратылат.
Өзгөчө оор жаракат келтирсе 5-8 жылга эркиндигинен ажыратылат жана айдоочулук күбөлүгү 6-9 жылга алынат. (мындан башка да жаза тууралуу шилтемеде маалымат бар).
Мындан тышкары мас абалында рулга отуруп, адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирген жол кырсыгына себеп болгон айдоочуларга өзүнчө жобо каралган.
Адамдын ден соолугуна жеңил же оор жаракат келтирсе 5-8 жылга эркиндигинен ажыратылып, айдоочулук күбөлүгү 6-9 жылга алынат.
Өзгөчө оор жаракат келтирсе, 8-10 жылга эркиндигинен ажыратылат, айдоочулук укугу 9-12 жылга алынат.
Мас абалында машине айдаганы кайталанса, 100-150 миң сом айып пул төлөйт жана кайсы бир кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылат же айдоочулук күбөлүгү алынып, бир жылга чейин камалат.