Бишкекти каптаган кара түтүн. Бийлик көзөмөлдү күчөттү

Суук түшөрү менен Бишкекти каптаган кара түтүн көнүмүш көрүнүшкө айланып бараткандай. Жыл сайын абанын булганышынын көрсөткүчтөрү өсүп жаткандыктан, зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышын азайтуу максатында бийлик майда көмүр жагууга тыюу салып, турак үйлөрдү газдаштырууну колго алган.

Абанын булгануу көрсөткүчү нормадан жогору

Айлана-чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, ушул жылдын 7–13-ноябрь аралыгында Бишкек шаарынын атмосфералык абасындагы негизги булгануучу заттардын орточо суткалык концентрациялары чектүү деңгээлден эки эсеге ашкан. Бул борбор шаардагы экологиялык абалдын начарлап жатканын көрсөтөт.

Майда көмүрдү колдонууга тыюу салынды

Экологиялык негизги чаралардын бири болуп министрлер кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы "Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө" №639 токтому чыкты. Документке ылайык, Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагына 0-13 мм фракциядагы майда көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынды. Бир гана жылуулук менен камсыздоочу ишканага мындай көмүр ташып келүүгө болот.

Белгилүү болгондой, майда көмүр күйгөндө жылуулукту аз берип, көп чаң чыгарат жана үй шартында колдонууда абаны булгайт.

Бийлик кандай чараларды көрүүдө?

Мамлекеттик органдарга төмөнкүдөй тапшырмалар берилген:

- тыюу салуунун аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү;

- көмүрдүн уруксат берилген түрлөрүн сатуу пункттарын жетиштүү санда уюштуруу;

- калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

-Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүү жана баанын негизсиз өсүшүнө жол бербөө.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Амантур Турсуниязов “Кабар” маалымат агенттигине билдиргендей, Кара-Кече кенинде көмүрдү майда жана кесек кылып экиге бөлүп иргеген жабдуу орнотулган. Майда көмүр ЖЭБке, ал эми кесеги Бишкекке жөнөтүлөт.

Анын айтымында, учурда калкка майда көмүр сатылып кетпөөсү үчүн текшерүүлөр жүрүп жатат. Текшерүү иштерине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана мэрия катышууда.

"Биз Бишкекке Б маркасындагы күрөң көмүрдү гана жөнөтөбүз. Майда көмүр ЖЭБге жөнөтүлүп, коопсуз абалда жагылат. Анткени, ал жакта зыяндуу заттарды кармап калуучу атайын чыпкалар бар”, - деди ал.

Бул чаралар зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышын азайтууга, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана тургундардын таза күйүүчү отундарга өтүүсүнө багытталган.

Адистердин айтымында, газдаштыруудан тартып, зыяндуу күйүүчү заттарды чектөөгө чейинки чаралар комплекстүү аткарылса, борбор калаадагы күз-кыш мезгилинде кайталанган түтүндүн каптоосун бир топ кыскартат.

Көмүргө болгон көз карандылыкты азайтуу жана абанын сапатын жакшыртуу үчүн Бишкек жана Чүй облусунда газдаштырууну колдогон жеңилдетилген насыялоо программасы ишке ашууда.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, "Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3" долбоорунун алкагында бүгүнкү күнгө чейин 12,22 млн сомдук жеңилдетилген насыя берилген.

Долбоор министрлер кабинетинин буйругу менен бекитилип, Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү катары каралган.

Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” ААК жана “Элдик Банк” ААК тартылган. Программа үчүн каралган жалпы насыялык каражаттын көлөмү 200 млн сомду түзөт.

Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрына карата 98 субъектке газдаштырууга байланышкан иштерди жүргүзүү үчүн 12,22 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берилген. Программа үй чарбаларын газдаштырууну тездетүү үчүн жеткиликтүү каржылоону камсыз кылуу менен ишин улантууда.

13:46, 18-11-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар