Бишкек шаардык соту ишкер Имамидин Ташовдун ишин кайра кароо үчүн райондук сотко кайтарды

Бишкек шаардык соту 26-февралда абактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун апелляциялык арызын карап, ишти кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотко кайтарды. Отурумда Ташовдун жактоочулары ишти биринчи инстанцияга кайтарып, башынан кароо өтүнүчүн беришкен.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 25-июлда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Адвокат райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген.

25-февралда Ташовдун апасы Саипжамал Абдукаимова уулуна козголгон кылмыш ишин жана камалышын текшерүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет.

Андан сырткары алдамчылык тууралуу берене менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган.

14:34, 26-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар