Кыргызстанда быйыл 387 этникалык кыргыз кайрылман макамын алды

2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл кайрылман макамын алгандардын басымдуу бөлүгү, 351 адам, Тажикстандан келген. Мындан тышкары, Өзбекстандан — 16, Кытайдан — 10, Россиядан — 5, Афганстандан бир жана башка өлкөлөрдөн төрт этникалык кыргыз макам алган.

Кайрылман макамы атайын ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет. Арыз кароо мөөнөтү үч айга чейин созулат. Алар Кыргызстанда социалдык жөлөк пул, пенсия алуу, медициналык жардам, билим алуу жана иштөө укугуна ээ.

Кайрылман күбөлүгү үч жылга берилет. Ушул мөөнөттүн ичинде макамдын ээси Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз берүүгө тийиш.

Белгилей кетсек, өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген. Алардын 70 миңге жакыны кийин Кыргызстандын жарандыгын алышкан.

 

15:25, 10-08-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар