ИИМ“Формула-1” жана чет элдиктер тууралуу билдирүүлөрдө этият болууга чакырды

 

ИИМ“Формула-1” жана чет элдиктер тууралуу билдирүүлөрдө этият болууга чакырды

Ички иштер министрлиги Ысык-Көл облусунда “Формула-1” же F1H2O аталышындагы кайык жарыш тууралуу маалымат таратууда этият болууга чакырды. Мекеменин бул иш-чара Борбор Азияда биринчи ирет өтүп жатканы, Кыргызстанга аброй алып келери белгиленген.

ИИМ социалдык тармактарда бул жарышты өткөрүүдөгү экологиялык коопсуздукка тынчсызданган жарандардын билдирүүлөрүн “популисттик кадам” деп мүнөздөгөн. Билдирүүдө “Формула-1” жарышы буга чейин өткөн жерлерде бир да жолу экологиялык көйгөй жаралбаганы жазылган.

Арча медиа
10:14, 27-05-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар