Кыргызстанда “Бала ырысы” жөлөк пулунун алгачкы төлөмдөрү башталды

Кыргызстанда “Бала ырысы” жөлөк пулунун алгачкы төлөмдөрү башталды

Кыргызстанда үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы ай сайын берилүүчү “Бала Ырысы” жөлөкпулунун алгачкы төлөмдөрү 2026-жылдын 4-августунда башталат. Мамлекеттик жардамдын суммасы ар бир балага айына 1200 сомду түзөт.

Каражат июль айында кайрылган ата-энелерге бөлүштүрүлөт. Каражаттарды Eldik Bank жана A Bank аркылуу алууга болот.

Бөлүм арыздарды кабыл алуу процессин 1-июлда баштады. Көпчүлүк жарандар арыздарды “Tunduk” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик түрдө тапшырышкан.

Кыргыстандын Социалдык эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө үч жашка чейинки 440 000ден 470 000ге чейинки балдар жаңы жөлөкпул программасына укуктуу.

Арча медиа
11:42, 04-08-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар