Караколдогу зоопаркта ак кууну таш менен чаап өлтүрүшкөн
Караколдогу зоопаркта ак кууну таш менен чаап өлтүрүшкөн
Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы зоопаркка баргандар ак кууны таш менен чаап өлтүрүштү. Бул тууралуу "Бугу эне" фонду кабарлады.
Фонд мындан улам зоопаркка көргөнү келгендерге кайрылып, сактай турган эрежелер бар экенин белгиледи.
"Кирүү акысын төлөгөп эле каалаган нерселерди жасай берүү туура эмес. Тосмолордон ашып өтүүгө, канаттууларга таш ыргытууга, жырткычтарга таяк менен тийишүүгө, өсүмдүктөрдү сындырууга болбойт", - деп айтылат билдирүүдө.