Жарандардын кайрылууларын кароо тартибин бузган мамкызматкерлерге 10 миң сом айып салынат
Жарандардын кайрылууларын караган тартипти бузган мамлекеттик кызматкерлерге айып салынат.
Тиешелүү өзгөртүүлөр кайрылууларды кароодо мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
Мыйзамга ылайык, эгер мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери жарандардын кайрылуусун кабыл алуудан негизсиз баш тартса, белгиленген мөөнөттө жооп бербесе же укугу бузулган жаранга жардам көрсөтпөсө 10 миң сом айып салынат.
Мындан тышкары, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жана электрондук форматтагы кайрылуулар менен иштөө механизмдери такталып, "кайра кайрылуу" деген түшүнүк жана аны карай турган эрежелер киргизилди.