УКМК Ички иштер министрлигинде тинтүү жүргүзүп жатат

 

УКМК Ички иштер министрлигинде тинтүү жүргүзүп жатат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Кактус медиа өздүк булактарына таянып жазды. 

Маалыматка караганда, бүгүн Ички иштер министрлигинин борбордук кеңсесине Коомдук коопсуздук кызматынын кеңселерин тинтүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 5-7 кызматкери келишкен. Учурда тинтүү иштери уланууда.

Эске салсак, өткөн аптада милиция кызматкерлери атайын кызматтын кеңселерин тинтүүгө алышкан.

12:23, 21-04-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар