Кыргызстанда жарандар эми никени каттоого арызды “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн бере алышат. 

 

Кыргызстанда жарандар эми никени каттоого арызды “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн бере алышат. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалымдалгандай, арыз берүүчү “Түндүк” тиркемесинен “Никени каттоо” кызматын тандап, болочок жубайынын жеке идентификациялык номерин киргизет жана Face ID аркылуу өздүгүн ырастайт.

Андан кийин экинчи тарапка билдирүү жөнөтүлөт. Ал маалыматтарды текшерип, макулдугун берип, Face ID аркылуу идентификациядан өтөт. Эки тарап тең арызга электрондук кол тамга менен кол койгондон кийин документ автоматтык түрдө Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн маалыматтык системасына жөнөтүлөт.

Арыз каралып бүткөндөн кийин жыйынтыгы тууралуу билдирүү “Түндүк” тиркемеси аркылуу жөнөтүлөт.

Жаңы санариптик кызмат мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетип, убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берери белгиленди.

Кыргыз кабарлар
14:41, 23-07-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар