Токмокто мотоцикл айдоочусу бир үй-бүлөнү сүзүп, он айлык кыз каза болду

Токмокто мотоцикл айдоочусу бир үй-бүлөнү сүзүп, он айлык кыз каза болду

Токмокто мотоцикл айдоочусу бир үй-бүлөнү сүзүп кетип, он айлык кыз каза болду. Дагы эки жабырлануучу (жубайлар, экөө тең 21 жашта) ооруканага жаткырылды, келин реанимацияда экени айтылды. 

Окуя кечээ саат 23:30да болгон. Кылмышка шектүү 23 жашта. Чүй облусунун Жол кайгуул кызматы алдын алуу иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын, бирок ага карабастан кырсыктар көп болуп жатканын белгиледи.

11:18, 08-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар