Жалал-Абадда дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды

 

Жалал-Абадда дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды

2-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдындагы дааратканадан жаңы төрөлгөн кыз табылды. 

Ымыркай аман-эсен куткарылып, ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. 

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө наристени төрөп таштап кеткен 35 жаштагы (Г.Т.) аттуу аял  аныкталып, тергөөгө жеткирилген. Ушул тапта окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Арча медиа
11:50, 03-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар