Лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына баштайт
1-июлдан тартып лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына баштайт.
Кыргызстанда 2025-жылдын 22-августунан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Кийин лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылган. Айдоочулардын өтүнүчү менен бул убакыт 1-июлга чейин жылдырылган.
Лицензия алуу үчүн автоунааны каттоо жөнүндө күбөлүктүн, машинени башкаруу укугуна ишеним каттын, техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү керек. Андан тышкары автоунаа техникалык жана айдоочулар медициналык кароодон өткөнү тууралуу тастыктама, үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү жана соттуулугу жок экенин тастыктаган маалымкат талап кылынат. Оор жана анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондорго лицензия берилбейт. Оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салынат.
Жаңы талап боюнча, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштей алат. Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүндө берилет. Акысы жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сом.
Лицензиясы жок айдоочуларга Телеграм каналдар, социалдык тармактар аркылуу кардар топтоого тыюу салынат. Тийиштүү уруксаты жок айдоочу кардар ташыса 7 жарым миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.