Жол эрежесин одоно бузган айдоочуларды кайра сынак тапшырууга жөнөтүү сунушталды
Ички иштер министрлиги жол эрежесин одоно бузган айдоочулардан ошол замат сурамжылоо кылып, туура жооп бере албагандарды “Унаа” мекемесинен (Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору) айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшырууга жөнөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу 24-февралда министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Долбоорго ылайык, жол коопсуздук кызматкери айдоочу негизги сегиз жол эрежесин бузган учурда аны токтотуп, планшет аркылуу алты суроодон турган сынак алат. Эгер айдоочу төрт жана андан көп суроого туура жооп берсе, айыппул жазылып коё берилет. Эгер төрттөн аз суроого жооп берсе, “Унаа” мекемесине айдоочулук күбөлүк үчүн кайра сынак тапшырууга жөнөтүлөт.
Депутат Болот Ибрагимов мындай талаптар жол коопсуздук кызматкери үчүн коррупциялык тобокелдиктерди көбөйтүшү мүмкүн деген камтамачылыгын билдирди. Бийбосунов кызматкерлерге камера орнотулганын жана колдонулган планшеттерде да үн жаздыруу системасы иштеп турарын айтып, мындай тобокелдик жок экенин тактады.
Тандалып алынган сегиз жол эрежеси төмөнкүлөр:
Айдоочу "Унаа" мекемесинен кайра сынак тапшырууга жөнөтүлгөндө ага 60 күндүк мөөнөт менен убактылуу күбөлүк берилет.