VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрү дагы, көкпар дагы киргизилди

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрү дагы, көкпар дагы киргизилди. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов билдирди.

Ал белгилегендей, учурда оюнга карата даярдыктар көрүлүп, программалар түзүлүүдө.

“Оюндун расмий ачылышы 31-августта Бишкек шаарында жаңы салынып жаткан аренада өтөт. Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чара болгондуктан, чоң режиссерлук курамдар ишке киришүүдө. Калган бардык спорттук жана маданий программалар Ысык-Көл облусунда болот. 6-сентябрда жабылыш аземи өтүп, VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү кезеги башка өлкөгө берилет. Жылдан-жылга долбоордун аброю өсүп жаткандыктан, биз өткөрөлү деп сунуш киргизген, өзүнүн улуттук спорт оюндарын кошуп, маданиятын сактап калуучу аянтча катары колдонууга кызыкдар өлкөлөр бар”, - деди ал.

Аденов ошондой эле андагы спорттук жана маданий иш-чаралар жөнүндө дагы айтып өттү.

“Программага спорттун 43 түрү кирди. Анын ичинде күрөштүн, ат оюндарынын түрлөрү бар. Быйылкы жылы тынчтыктын аянтчасын түзөлү, эки элдин талаш-тартышына жеткирбейли деген өңүттө көк бөрү менен көкпар оюндарын өзүнчө киргиздик. Себеби, эки оюн буга чейин көп талкууга түшүп келген. Параллелдүү өткөрүлөт. Эки өлкөнүн федерациялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо менен уюштурулат.

Андан сырткары, маданий программага өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Буга чейин бир эле жерде өтүп келген болсо, бул жолу элдин жана туристтердин талабы менен “Рух ордо” маданий борборунда, “Номад” амфитеатрында жана Кырчын жайлоосунда уюштурулат. Катышуучулар күндүз спорттук оюндарды көрсө, кечинде улуттук маданият менен этно моданы көрө алышат. Азыр алардын сценарийлери түзүлүүдө. Күн жылыса репетициялар башталат.

Ошондой эле ыктыярчылар кабыл алынууда. Бизге план боюнча миңге жакын ыктыярчы керек. Себеби, алар эки облуста кызматта болуп, биздин колубузду узартышат. Конокторду аэропорттон тосуп алып, кайра узатканга чейин жанында болушат. Андыктан, жаштарды бизге көмөктөшүүгө чакырып кетебиз”,-деп кошумчалады ал.

 

14:22, 10-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар