№13 округдагы шайлоо: Депутаттыкка талапкерлердин саны 22ге жетти
№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 22 талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар:
· Арстанбеков Акылбек Советбекович;
· Маматаев Эркинбек Садирбекович;
· Асанов Уланбек Жалалович;
· Асамудинов Бактыбек Асанович;
· Калматов Токторали Калдарович;
· Чолпонов Уланычбек Калдарбекович;
· Матсаков Кадырбек Мусаевич;
· Абдыразакова Гүлнара Пазылжановна;
· Мацаков Бакыт Калбаевич;
· Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович;
· Базаркулова Нурсыйда Манасовна;
· Чомоев Алмазбек Алтынбекович;
· Базарбаев Каныбек Суйунучбекович;
· Мансуралыев Залкарбек Медетбекович;
· Өсөрбек Исраилжан уулу;
· Койчуманова Нуркан Кадыровна;
· Нуриев Кубан Бактыбаевич;
· Атабекова Кызжибек Азимжановна;
· Темирбаева Махсудахан Юлчиевна;
· Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;
· Абдималиков Уланбек Абдималикович;
· Абсалиев Ахматали Садырбекович.
Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт.
Белгилей кетсек, аталган округда кайра шайлоо 1-мартка белгиленген.