Бала бакчада иштебеген адамдарга айлык акы төлөнгөн факт боюнча кылмыш иши козголду

Ысык-Ата районундагы бала бакчада иштебеген кызматкерлерге мыйзамсыз айлык акы төлөө фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Факт Ысык-Ата райондук прокуратурасы текшерүү жүргүзгөн учурда, Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан “Бала-Кербен” бала бакчасында аныкталган.

"Бала бакчанын жооптуу кызматкерлери тарабынан 2024-жылдан бери жумуш убактысын эсепке алуу документтерине жана маяна тизмелерине иштебеген алты адамга жалган түрдө эмгек акы эсептеп, олуттуу өлчөмдөгү акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алышканы аныкталган", - деп билдирди башкы көзөмөл органы.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Маалыматта аталган кылмыш ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджетке канча сом зыян келтирилгени ачыкталган эмес.

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердин жооптуу кызматкерлери тарабынан иштебеген адамдарга эмгек акы төлөнүп, мамлекетке зыян келтирилген учурларды буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети да аныктап чыккан.

 

18:20, 22-06-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар