Президент Жапаров Бөлтүрүк айткан 630 млн доллар боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров “Кумтөр голд компани” ишканасынын мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн “Кумтөрдөн” 630 миллион доллар жоголгону” тууралуу сөзүнө комментарий берди.

Бул тууралуу мамлекет башчы 12-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда айтты. Садыр Жапаров “Тенгиз Бөлтүрүктү чет өлкөдө иштеп келген мыкты адис деп “Кумтөр” компаниясына жетекчи кылганын, бирок ал ишти алдыга тарта албай койгонун” билдирди. Андан тышкары Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдө” директор болуп турганда өзүнө 100 миң доллар айлык коюп алганын, ишканага солярканы кымбат сатып алып, бир литр соляркадан 20 сомдон пайда көрүп турганын кошумчалады.

“650 миң доллар десе да окшошто го. Ал “650 млн доллар” деп атат. Логиканы эле иштетип көргүлөчү. Мен “Центеррадан” 4-5 млрд долларлык “Кумтөр” компаниясын 100 пайыз тартып алып атсам, алар анан “силер алгыла” деп Акылбек (ред: Акылбек Жапаров) экөөбүзгө акча берип коёбу? Кичине башты иштетиш керек да”, - деди президент.

 

11:18, 13-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар