Жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

 Кыргызгидромет алдыдагы жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Ага ылайык, 2-8-февраль аралыгында өлкөдө айрым күндөрү жаан-чачын, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.

Чүй жана Талас облустары

3-февралда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу аймактарда кар жаайт. 4-5-февралда жаан-чачынсыз болгону менен андан кийин 8-февралга чейин күндүн көзү кайра бузулат.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Дүйшөмбүдө күн ачык болот. 3-февралдан баштап аба ырайы бузулуп, айрым аймактарда жаан-чачын болушу ыктымал. Шаршемби жана бейшембиде кайра күн ачылып, бирок жумадан баштап жекшембиге чейин жаан-чачындуу болушу мүмкүн.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

Аймакта 3-февралда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 4–5-февралда негизинен жаан-чачын жок. 6-7-февралда айрым жана көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. 8-февралда жаан-чачын жаабайт.

 

10:42, 02-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар