Япониядан Кыргызстанга эки санариптик маммография аппараты жеткирилди
2026-жылы Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо борборуна жана Республикалык онкология борборуна эки санариптик маммография аппараты жеткирилди. Учурда жабдууларды орнотуу жана ишке киргизүү иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү аппараттар жарандарды тейлей баштайт. Долбоордун жалпы наркы 1 миллиард сомго жакын.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси жана Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгы боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров парламент жыйынында билдирди.
Жаңы жабдуулар эмчек безинин ооруларын, анын ичинде онкологиялык илдеттерди эрте аныктоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.