Министрлер кабинети Жол фонду мекемеси жоюлганын билдирди
Министрлер кабинети Жол фонду мекемесин жол чарба департаментине кошуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин токтому 26-майда жарыяланды.
Мындай чечим Жол фондунун каражаттарын натыйжалуу пайдалануу жана ведомстволордун түзүмүн оптималдаштыруу зарылдыгы менен түшүндүрүлгөн. Кайра уюштуруудан кийин Жол чарба департаменти Жол фондунун бардык укуктары менен милдеттенмелеринин укуктук мураскери болот.
Бул документте “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик жол ишканаларынын ыйгарым укуктары көбөйөт. Эми алар жолдорду оңдоо менен гана чектелбей, аэропорттук жолдорду, учуп-конуу тилкелерин, рулдук жолчолорду жана перрондорду кура алат.
Мындан тышкары, эки мекемеге төмөнкүдөй иштерге уруксат берилди:
Долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга;
Көпүрөлөрдү жана дамбаларды курууга;
Жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүүгө;
Карьерлерди ачууга;
Пайдалуу кендерди ачык жана жер астындагы ыкмалар менен казууга;
Курулуш материалдарын өндүрүүгө жана сатууга.
Касымалиевдин токтомунда жол курулушуна заманбап технологияларды киргизүү, жол инфратүзүмүнө көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы коюлган.
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан тартып бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөнө баштаган. Бул каражат Жол фондуна түшөт жана автоунаа жолдорун оңдоого, салууга, реконструкциялоого пайдаланылат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, жолдорду тейлөөгө жылына 10 млрд сом керектелет. Бирок бюджеттен болгону 2 млрд сом бөлүнөт.
2025-жылдагы маалымат боюнча Кыргызстанда 1 млн 400 миңге жакын автоунаа катталган. Анын 1,1 миллиону – жеңил машинелер. Өкмөт автоунаалардын саны жыл сайын көбөйүп, жолдорду коопсуз абалда кармоого чыгым да өсүп жатканын билдирүүдө. Ал көбөйүп жаткан чыгымды айдоочулар төлөшү керек деп эсептейт.