Токмок шаарына 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү
Президент Садыр Жапаров 29-сентябрдагы буйругу менен Чүйдүн Токмок шаарына 2 миллиард 55 миллион 500 миң сом каражат бөлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 3-октябрда Токмок шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө атайын техника жана кызматтык автоунааларды тапшыруу иш-чарасында айтты.
Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттын 1 миллиард 812 миллион 900 миң сому Токмоктун ички жолдорун капиталдык оңдоого жана курууга, 134 миллион 600 миң сому жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна, 108 миллион сому жүргүнчүлөрдү ташый турган 10 автобус жана эки атайын бургулоочу техника сатып алууга жумшалат.
Андан тышкары 2026-жылы Токмок шаарындагы №1 жана №2 орто мектептери үчүн кошумча окуу корпустарын куруу да каралууда. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, 440 миллион сом кетет деп эсептелди.