Грузиянын премьер-министри “Ынтымак Ордого” келди
Грузиянын премьер-министри “Ынтымак Ордого” келди
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе “Ынтымак Ордого” келди. Имарат алдына ардак кароол тизилип, өкмөт башчыны президент Садыр Жапаров тосуп алды. Эки өлкөнүн гимндери жаңырууда. Сапардын жүрүшү “Ала-Тоо 24” телеканалынан түз эфирде көрсөтүлүүдө.
Алдыда тараптардын жолугушуусу өтүп, бардык тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү келечегин талкуулашат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы укуктук базаны жана практикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюлат.
Белгилей кетсек, Грузиянын премьер-министри күн мурун Кыргызстанга келген. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алган.