Баткенде бир киши аялын өлтүрүп, өз жанын кыйган. Беш бала жетим калды

Баткенде бир киши аялын өлтүрүп, өз жанын кыйган. Беш бала жетим калды

Алдын ала тергөөгө ылайык, окуя 26-апрель түнү, жубайлардын балдары уктап жатканда болгон. К.А. аялын ашкана бычагы менен бир нече жолу сайган. Аял алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Андан кийин эркек киши короого чыгып, даракка асынып алган. Окуя болгон жерден далил катары ашкана бычагы жана аркан алынган.

кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жубайлардын артында беш баласы калганын, алардын үчөө мектеп курагындагы экенин жазышты. Алардын эки тарапта тең чоң ата, чоң энелери жок.

15:55, 27-04-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар