ЖК кийинки аптада кымбатчылык, Бишкектеги ыш маселесин талкуулайт
Кийинки аптада Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргызстанда жаңы салынып жаткан социалдык объекттердин курулушу, кымбатчылык жана Бишкек шаарында ыш менен күрөшүү боюнча маселе талкууланат.
Депутат Акылбек Түмөнбаев парламенттин 7-октябрдагы отурумунда айрым аймактарда оорукана, бала бакча жана мектептердин курулушу токтоп турганын айтып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматын угууну сунуштады. Андан тышкары кымбатчылыкка байланыштуу да маселе көтөрдү.
“Элдин көбү “кымбатчылык болуп атат?” деп атышат. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кандай иш жүргүзүп жатат? Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп аймактарында эң көп картөшкө айдалат. Ортомчулар картөшкөнү элден 13-20 сомдон сатып алып жатат. Ошол эле картөшкө базарда 80-100 сомдон сатылууда. Ортодо канча сом айырма болуп жатат?”, - деди ал.
Жыйынтыгында кийинки аптада курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана Бишкек мэриясынын өкүлдөрү келип парламентте маалымат бергени калды.
Улуттук банк жакында эле экинчи кварталда инфляция деңгээли 11% ашканын, өлкөдөгү баа муну менен токтобой, жыл аягына чейин инфляция 15% жетиши мүмкүн экенин маалымдаган. Кескин кымбаттоо кызмат көрсөтүү, эт жана башка азык-түлүктө сезилген.
Ал эми жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда Бишкекти каптаган ыш, түтүн күч алып, экология маселеси курчуйт. Борбор калаа дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын сап башына чыгат.