4-мартка карата аба ырайы

4-март, шаршембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы Чүйдө +5...+10, Талас аймагында +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +11...+16, Ысык-Көл облусунда +3...+8, Нарын жергесинде +1...+6 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкек шаарында күндүн табы +8...+10, Ош калаасында +14...+16 градуска жетери айтылды.

22:41, 03-03-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар