Кыргызстанда электрондук соода бир жылда 15% өстү
2025-жылы Кыргызстанда интернет аркылуу электрондук соода жүргүзүү 15 пайызга өсүп, 525 млн долларды түздү. Бул тууралуу 21-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Акматов билдирди.
Анын сөзүнө караганда, бул "Вайлдберриз" жана "Тему" платформаларынан тышкары жүргүзүлгөн чекене сооданын үлүшү.
Министрлик ишкерлердин жеке маалыматтарын коргоо Кыргызстандын Ички иштер министрлиги, Электрондук соода ассоциациясы жана коммерциялык банктар менен чогуу жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Аталган комитет 21-апрелде “2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Санарип экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун 1-окууда карады.