Шакиранын концертине биринчи күнү эле 13 миңден ашык билет сатылды 

Шакиранын концертине биринчи күнү эле 13 миңден ашык билет сатылды

Аларды 22 өлкөнүн жарандары сатып алышты. Сатылган билеттердин болжол менен 77%ы Кыргызстандын ичинде сатылса, калган 23%ы чет өлкөлүк сатып алуучуларга туура келди. Чет өлкөлүк сатып алуучулардын арасында эң көп сандагылары Казакстандан (80%), Орусиядан (13,08%) жана Өзбекстандан (3,80%) болду. Ошондой эле АКШ, БАЭ, Тажикстан, Түркия, Германия, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн жарандары да билет сатып алышты.

Бардык "Skybox" толугу менен сатылып бүттү. VIP жана VVIP (өзгөчө VIP) категориясындагы билеттердин бир бөлүгү да сатылды.

Белгилей кетсек, Шакиранын концерти 18-октябрда "Бишкек Аренада" өтөт. Президенттин администрациясы билдиргендей, эксклюзивдүү келишимдин шарттарына ылайык, ырчынын Борбор Азияда башка концерттери пландалган эмес.

Арча медиа
11:16, 02-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар