Жогорку Кеңеш 25-сентябрга чейин өзүн таркатуу чечимин кабыл алышы мүмкүн
Жогорку Кеңеш 25-сентябрга чейин өзүн таркатуу чечимин кабыл алышы мүмкүн
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алышы мүмкүн дейт депутат Дастан Бекешев.
Анын айтымында, парламенттин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети өзүн-өзү таркатуу маселесин шейшемби, 23-сентябрда талкуулайт.
"Бул маселе бейшембиде каралып, бекитилет окшойт. Добуштардын баары саналып бүттү окшойт, андыктан маселе иш жүзүндө чечилди", - деп белгиледи Бекешев.
Ал ошондой эле шайлоого катышууну пландап жаткан бардык талапкерлер азыртадан даярдыктарды баштаганын кошумчалады.